• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү: Кыргызстанда жалпы 3 миң тонна таштанды тазаланды

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда өткөн ишембиликте болжол менен 3 миң тонна таштанды тазаланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Эко Деми” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, 18-сентябрда дүйнө жүзү боюнча 191 өлкөдө ишембилик өттү.

"Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер жана ыктыярчылар катышты. Кыргызстан калкынын санын эске алганда дүйнө жүзү боюнча ишембиликке катышкандардын саны боюнча биринчи орунду алды. Үч жылдан бери алдыңкы орунду ээлеп келет. Алсак, өлкө боюнча ишембиликке жалпы 513 миң 505 адам катышты. Бизден кийинки орунду Италия, АКШ жана Индонезия өлкөлөрү алды. Облустар боюнча Ысык-Көл облусунда 46 миң 815 адам, Баткенде 43 миң 551, Нарында 27 миң 412, Жалал-Абад облусунда 114 миң 200, Таласта 25 миң 190, Чүйдө 91 миң 648, Ошто 121 миң 846, Бишкекте 42 миң 836 адам тазалоо иштерине катышты", - дейт ал.

Чыныбаева чогултулган 3 миң тонна таштандынын 89 тоннасы кайра иштетүүгө кеткенин белгиледи.

“Ишембиликке медкызматкерлер жана мугалим, окуучуларды чакырган жокпуз. Анткени, окуу жылы жаңы башталгандыктан тынчын албайлы дедик. Бирок, жеке мектептин окуучулары өз ыктыярлары менен бизге жардам көрсөттү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий