• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Б.Казаков: “Мегакомдун” баасы түшпөйт

Коом 0

Бишкек, 27-июнь /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Альфа Телекомдун” баасын түшүрүү планыбызда жок”,- деп билдирди ММБФнын төрагасы Болсунбек Казаков.

Анын айтымында, компаниянын алгачкы баасы 19,7 млрд сом болчу. “Мегакомду” сатуу боюнча комиссия түзүлгөндө баасын чыгарууга атайын компания тартылган. Алар бааны үч негизде чыгарышат: Чыгымы, кирешеси жана салыштырмалуу. Мындан улам алар компанияны сатууга боло турган бааны чыгарып беришет. Комиссия болсо бааны түшүрүп же көтөрө алат”,- деди Казаков.

Ошондой эле, Казаков биринчи аукцион болбой калганына байланыштуу компаниянын баасы 25% га түшкөнүн айтты. Аукцион экинчи ирет дагы болбой калган. 2016-жылдагы божомолдорго ылайык, компаниянын кирешеси 8,5 млрд сом болуш керек болчу. Бирок, киреше 1,5 млрд сомго аз түшкөн. Кирешелердин түшүшү бир эле “Мегакомдо” байкалган эмес. Байланыштын башка түрлөрү пайда болгонуна байланыштуу дүйнө жүзүндө бардык уюлдук компаниялардын рентабелдүүлүгү түшкөн. Үчүнчү аукциондо “Мегаком” 13,5 млрд сомго бааланган. Каалоочулар көп болгону менен аукцион болбой калган.

Анын айтымында, өкмөткө бир нече варианттар боюнча сунуштар айтылды. “Жакынкы аралыкта биз аны жарыялайбыз. Белгилеп кетким келет, азырынча бизде компаниянын баасын түшүрүү планыбызда жок. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”,-деди Казаков.

Пикир

Оставить комментарий