• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коңшу өлкөлөр аркылуу афган тектүү баңгизаттарды алып келүүчү канал аныкталды

Коом 0


Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагынан өзбек жаранынын жанынан 7 кг гашиш бангизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери КР Жазык кодексинин 267-беренесинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыш белгиси менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Кыргызстандын аймагына Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу Афганистандан келүүчү баңгизаттарды жүгүртүү каналы аныкталган.

Ыкчам-тергөө иш-аракететринин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Мамай айылынын аймагында Х.Д. аттуу Өзбекстандын жараны кармалып, жеке тинтүү учурунда кочкул-күрөң түстөгү өсүмдүк тектүү жыты бар 14 брикет аныкталып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 кг салмактагы "гашиш" баңги каражаты болгон.

Андан аркы ыкчам-тергөө иш-аракеттердин жүрүшүндө Бишкек шаарына жакын аймакта Баткен облусунун тургуну С.И. аттуу баңгизаттарды ташуучу топтун мүчөсү кармалган. Анын унаасын кароо учурунда күрөң түстөгү өсүмдүк тектүү жыты бар 9 брикет аныкталып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 9 кг салмактагы "гашиш" баңги каражаты экени белгилүү болду.

белгиленгендей, аныкталып алынган баңгизаттардын жалпы самагы 16 кг түзгөн.

Мындан тышкары, ыкчам аракеттердин негизинде, Д.И. аттуу баңгизаттарды ташуучу топтун дагы бир мүчөсү кармалган.

Белгилей кетсек, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы туруктуу негизде республикабыздын бардык аймактарында ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларын жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий