• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баңгизат сатуу жана колдонуу. УКМК Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерин кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. КР УКМК жана Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерин баңгизат сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча КР УКМК жана Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу жана сатуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, прапорщик К.А.Ж., жана ефрейтер Б.Н.К., кармалды.

КР Коргоо министрлигинин жогорудагы аскер кызматкерлери бир нече убакыттан бери жарандарга Бишкек шаарынын аймагында “Гашиш” баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери прапорщик К.А.Ж., жана ефрейтер Б.Н.К., КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий