• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баңгизат ташуу боюнча шектүү курсант эмес, студент болуп чыкты – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Баңгизат ташуу боюнча шектелип жаткан жигит ИИМ Академиясынын курсанты эмес, студенти болчу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кармалган 19 жаштагы А.Д. аттуу жаран курсант эмес.

“КР ИИМ Академиясынын курсанттары форма кийишет жана алардын пагондорунда “К” тамгасы бар. Ал эми А.Д. аттуу жаран ички иштер органдарынын кызматкери эмес. Ал ошол Академиянын экинчи курсунда контракттык негизде билим алат. Тактап айтканда, ал студент”, - деп билдиришти ведомстводон.

Андан тышкары алар түшүндүргөндөй, 19-апрель күнү ал сабакта болгон. 20-21-апрель күндөрү эс алуу күндөрү болгон, ал эми 22-23-апрель күнү ал сабакка келген эмес. Апасы телефон аркылуу ал ооруп калгандыгы тууралуу билдирген. Учурда Академия бул боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, УКМК ИИМ Академиясынын 19 жаштагы А.Д. аттуу курсанты жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун 20 жаштагы Н.Н. аттуу студенти баңгизат саткандыгы үчүн кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Жеке текшерүү учурунда А.Д. аттуу жарандан 1,075 кг психотроптук "спайс" заты табылган.

Пикир

Оставить комментарий