• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 31 жыл толду

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызматтын башчысы Уланбек Султанов өздүк курамды кесиптик майрамы, кызматтын түзүлгөн күнү менен куттуктады.

“Баңгилик кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана алардын ден соолугуна кам көрүүдө сиздердин эмгегиңиздерди, олуттуу салымыңыздарды баалабай коюуга болбойт. Элибизге саламаттык тилейм, мамлекетибиздин, айрыкча өсүп келе жаткан муундун келечеги ар бир кызматкердин ишинин натыйжалуулугуна көз каранды деп ишенемдүү айта алам”, - дейт Султанов.

Мындан тышкары, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге атайын медалдар тапшырылды.

Белгилей кетсек, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы мурда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык катары 1991-жылдын 22-апрелинде республиканын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын атайын адистештирилген бөлүмү катары түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий