• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Запольский акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. 39 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аза күтүү иш-чарасында кесиптештери Олег Запольскийди өз кесибинин мыктысы, ага кызматтык зарылчылыктар менен гана эмес, жеке маселелер менен кайрылганда дагы жардамын аябаган адам катары эскеришти. Акыркы сапарга узатуу аскердик жөрөлгөлөр менен коштолду. Маркумду кесиптештери автоматтан асманга ок атуу менен эскеришти.

Эске сала кетсек, 27-июнь күнү 39 жаш курагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 2017-жылы ага милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган.

2019-жылдын январь айында КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалган. Маркумдун артында жубайы менен эки баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий