• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери пара талап кылууга шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-февралында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖКК) кызматкери А.А. жана анын шеригинин жашаган үйүнө жана иштеген жерине санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү.

Такталгандай, 2020-жылдын ноябрь айынын аягында КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочусу П.А. аттуу жаранды 19 кутуча "гашиш" баңгизаты менен кармаган.

Кыргыз Республикасынын ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.А. кармалган П.А. кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн ири суммадагы акча талап кылган, жана бир бөлүгүн буга чейин алган.

Белгилей кетсек, табылып алынган баңги зат ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.А. калган.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында, А.А. кызматтык бөлмөсүнөн жапайы кара куурайдын жыты бар 2 баштык жана 14 даана белгисиз калибирдеги ок-даарылар табылган.

Кармалган А.А. жашаган жеринен "Стечкин" автоматтык тапанчасы, 9 мм калибрдеги 29 даана ок-дарылар, белгисиз куралдын магазини, флэш-карталар, CD-Дисктер, "жашыруун" жана "өтө жашыруун" деп белгиленген көптөгөн расмий документтер табылып алынган.

Ошондой эле аталган А.А. – Я.А. аттуу шеригинин жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, «Наган» револьверинин 7,62 калибриндеги 29 ок табылып алынган.

Табылып алынган далил заттардын бардыгы тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар кармалган, бирок Чүй облусунун прокуратурасы А.А. жана анын шериги болгон Я.А. камакка алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарган.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий