• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баңгизаттарды, психотроптук заттарды көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин көчмө жыйыны болду

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Ош шаарында өткөн Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин көчмө жыйынына катышты.

Жыйынды ачууда Жеңиш Разаков белгилегендей, республиканын түштүк аймагында баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу орун алган абалды талдоого алууга убакыт келип жетти.

«Дүйнөдөгү мыйзамсыз апийимдин ири өндүрүүчүсү эсептелген жана өткөн жылы апийимдин рекорддук түшүмү алынган Афганистан менен чектеш жайгашууда, Кыргыз Республикасы арзан героиндин агылып кирүү коркунучуна кептелүүдө, ал баңгизаттарды жүгүртүү абалынын начарлашына гана эмес, жалпы криминогендик абалдын начарлашына алып келиши ыктымал», - деди ал.

Вице-премьер-министр ошондой эле акыркы бир нече жылда өлкөдө объективдүү реалдуулукка айланган чакырыктарга жана коркунучтарга токтолду.

«Биринчиден, бул «жаңы психикалык активдүү заттар» көйгөйү алар формалдуу түрдө баңгизаттары болбой туруп, психикалык активдүү таасир берет. Биз кыска мөөнөттө аларды көзөмөлдөнүүчү субстанциялардын тизмесине киргизүү чечимин кабыл алууга мажбурбуз, бирок рынокто улам сайын алардын жаңы түрлөрү пайда болууда, мындан улам бул ишти кыйла натыйжалуу багытта уюштуруу зарыл», - деди вице-премьер-министр.

Ал белгилегендей, айрым жерлерде калктын жыштыгы төмөн жана укук коргоо органдарынын инфраструктурасы аз Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймактары боюнча өтүүчү, курулуп жаткан «Түндүк - Түштүк» жаңы альтернативалык жолу кылмышкерлер тарабынан «Түндүк каттам» ооган баңгизаттарынын трафигинин жаңы бутагы катары пайдаланылышы мүмкүн.

Жеңиш Разаков белгилегендей, мындай жагдайга жол бербөө үчүн тийиштүү, анын ичинде эскертүү мүнөзүндөгү чараларды көрүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий