• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баңгизаттарга каршы программа жана 2022–2026-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасы жана 2022–2026-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган.

Аталган чечим калктын баңгизаттарга көз карандылык деңгээлин жана ага байланышкан терс кесепеттерди азайтуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 1994-жылы Кыргыз Республикасы 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенцияга, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга жана 1988-жылдагы Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына кошулган.

Бириккен Улуттар Уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуу менен, Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган саясий принциптерди жүзөгө ашырып, ошондой эле Баңги каражаттары боюнча комиссиянын чечимдерин, Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетектөөчү принциптерин колдонот.

Пикир

Оставить комментарий