• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БА өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстан элин жана Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Чексиз мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка бөлөнгөн бул берекелүү күндөрдө Сизге бекем ден-соолук, түгөнгүс энергия жана бардык ой-тилектердин ийгиликтүү орундалышын, боордош Кыргызстандын ар бир үй-бүлө очогунда бакубатчылыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалайм.

Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү биргелешкен күч-аракеттер менен достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо духунда мындан ары да динамикалуу өнүгө берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Боордош өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы тарыхый, диний жана маданий жалпылыкка негизделген тыгыз коңшулук мамилелер акыркы мезгилдерде биздин күчтүү саясий эркибиз менен ар тараптуу ырааттуу бекемделип жана кеңейип келе жаткандыгын канааттануу менен белгилегим келет.

Биздин бекем чечкиндүүлүгүбүздүн жана жалпы аракетибиздин натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да өз ара колдоо, урматтоо жана ишеним духунда ырааттуу жана натыйжалуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Эмомали Рахмондун куттуктоо тексти: «Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө Сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат Ислам дининин жогорку баалуулуктарынынын, анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле өз ара колдоонун негизинде эки элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгө берет», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу: «Эзелтен бери жогорку руханий баалуулуктардын — гуманизм менен кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болуп келген бул жаркын майрам биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө, өз ара түшүнүшүүнү жана бүткүл мусулмандардын тилектештигин бекемдейт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердимухамедов Садыр Жапаровго чың ден-соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү каалады.

Нурсултан Назарбаев өз куттуктоосунда жалпы кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалады: «Бүткүл мусулман үммөтүнүн ыйык тутуп, адептүүлүккө жана жакшылыкка, мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка чакырган Орозо айт майрмаы биримдикти жана молчулукту алып келсин», — деп айтылат куттуктоодо.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, жооптуу кызматында чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тилектештикти жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий