• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БА өлкө башчылары Жапаровду жана кыргыз элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

Казакстан президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Эгемендүү өнүгүү жылдарында Кыргызстан мамлекеттик курулушта, саясий жана социалдык-экономикалык жаңыланууда, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин жогорулатууда зор натыйжаларга жетишип, маанилүү кайра курууларды башынан өткөрдү.

Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин астында кыргыз эли мындан аркы өсүүнү камсыз кылуу, заманбап жана гүлдөп өнүккөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыраарында шек жок.

Казакстан Кыргызстандын жетишкендиктери менен чын жүрөктөн кубанат жана биздин достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо байланыштарыбызды мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берет.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы горизонтторду ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбызды динамикалуу өнүктүрүүгө сапаттуу дем бере аларыбызга ишенем”.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго боордош Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Өзбекстан президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Сизди жана боордош Кыргызстан элин өлкөңүздүн улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, жакшы каалоо-тилектерди айтууга кубанычтамын. Сиздердин өлкөдө туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана калктын бакубаттуулугун мындан ары жогорулатууга багытталган системалуу жана комплекстүү реформалар жүргүзүлүп жатканына коңшулар катары биз чексиз кубанычтабыз. Акыркы жылдардагы биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында достук, өз ара ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк маанайдагы өз ара пайдалуу мамилелерибиз жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн баса белгилегим келет. Сиздин кооз жериңизде жакында болгон ачык жана чын ыкластуу диалогубуздун жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулар, ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушуулар көп кырдуу жана узак мөөнөттүү өзбек-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө кызмат кылаары талашсыз”.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык жана ар дайым өнүгүү каалады.

Тажикстан президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын ынак коңшулук мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз бардык потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү толук ишке ашыра алабыз жана өлкөлөрүбүздүн тынч жана бактылуу келечеги үчүн алдыга коюлган позитивдүү максаттарга жете алабыз деп ишенем”.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык жана мындан аркы прогрессти каалады.

Түркмөнстан президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан мамлекеттүүлүктү чыңдоо, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана эл аралык аренадагы беделин жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Азыркы учурда Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана ишеним принциптерине негизделген салттуу бир туугандык мамилелер ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Биздин биргелешкен күч-аракетибиз менен түркмөн-кыргыз мамлекеттер аралык байланыштары бир тууган эки элибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да кеңейип, чыңдала берерине бекем ишенем”.

Сердар Бердымухаммедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий