• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баалар өсүүдө. Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы 2,6 эсеге кымбаттады

Экономика 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата өлкө боюнча күн карама майына болгон баалар орточо 181,77 сомду түзгөн. Бул өткөн айга салыштырмалуу 2,6 эсеге өскөн. Ал эми пахта майына болгон баалар 1 кг үчүн 176,26 сомду түзгөнүн жана 3,8 эсеге өскөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Муну менен бирге, күн карама майына карата чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана (бир кг үчүн 190,01 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 189,07 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми ага карата минималдуу баалар Өзгөн (бир кг үчүн 163,59 сом), Кара-Балта (бир кг үчүн 163,97 сом) жана Талас (бир кг үчүн 167,24 сом) шаарларында катталды.

Күн карама майына болгон баалардын өткөн айга салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында - 6,3 пайызга, Талас шаарында - 4,9 пайызга, Токтогул шаарында - 4,3 пайызга жогорулап өсүшү катталды.

Пахта майына болгон чекене баалар Токмок (бир кг үчүн 198,88 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 187,38 сом), Исфана (бир кг үчүн 183,90 сом), Токтогул (бир кг үчүн 178,93 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Талас (бир кг үчүн 157,74 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 157,76 сом) шаарларында жана Покровка айылында (бир кг үчүн 163,88 сом) байкалды.

Июнь айында пахта майына карата баалардын май айына салыштырганда Кербен шаарында - 10,9 пайызга, Талас - 9,7 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында - 7,2 пайызга максималдуу өсүшү катталды.

Пикир

Оставить комментарий