• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бааларды негизсиз көтөргөндөр жоопкерчиликке тартылат – Жалал-Абад шаарынын коменданты

Аймак 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Бааларды негизсиз көтөргөндөр жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, соодагерлердин арасында бааны көтөргөндөр жана талапты аткарып жаткандар да бар.

"Негизсиз бааларды көтөргөн соодагерлерге кайрылып кетет элем, бааларды мамлекет тарабынан белгиленген чектен ашырбасаңыздар. Бааларды негизсиз көтөрбөңүздөр. Себеби, негизсиз бааны көтөргөндөр жоопкерчиликке тартылат", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий