• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин иши териштириле башталды

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.

Ага ылайык, баасы 1300 сомдун айланасында турган бир кап унду 1800 сомго саткан айрым соодагерлерге жана ишкерлерге каршы Кылмыш кодексинин 216-беренеси ("Монополисттик аракет жана атаандаштыкты чектөө") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш баштады.

Аталган кызмат баалар жөнсүз көтөрүлгөнүн байкаган жарандарды ал тууралуу маалымдоого чакырган. Ошондой эле кырдаалдан пайдаланып, чайкоочулук кылып, баюуну көздөгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып ала баштаган. Натыйжада 1300 сомдун айланасында сатылып жаткан ун айрым базарларда 1800 сомго чейин кымбаттаган.

Пикир

Оставить комментарий