• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби (мындан ары – Тартип) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамынын 51-беренесине ылайык иштелип чыкты жана түзүлгөн контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо шарттарын жана ыкмаларын аныктайт.

Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий