• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин 15-бөлүгүндө камтылган ченемди жүзөгө ашыруу.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы жаңы 392-берене менен толукталды, анда камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөө, аларды конвертациялоо, алмаштыруу боюнча аракеттерди же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартиби аныкталды.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, баалуу кагаздарды камакка алууда аларды конвертациялоо, алмаштыруу, жоюу жана алар менен башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат. Эгерде баалуу кагаздар камакка алынганда, шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, менчик ээсине кирешелерди төлөө камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий