• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баалуу металлдарды КР аймагынан ташып чыгууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 7-тиркемесинин Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколдун X бөлүмүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого ылайык (Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын
21-апрелиндеги № 30 “Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” чечиминин № 14 тиркемеси) бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна ылайык бир тараптуу тартипте баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөр 500 кг. ашык эмес көлөмдө ЕАЭБ ТЭИ ТН 7106, 7107 00 000 0, 7108, 7109 00 000 0, 7111 00 000 0 товардык позицияларына карата ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөткө киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык иштердин катышуучуларынын баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө арыздарын кароодо жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти мамлекеттик контролду жүргүзүүдө ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген сандык чектөөлөрдү так сакташсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий