• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баардык кызматкерлерди иштен алуу мүмкүн эмес – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Калктын бир бөлүгү талап кылгандай баардык кызматкерлерди жумуштан кетирүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында ички иликтөө жүргүзүү кызматынын жетекчисинин орун басары Конок Өскөнбаев кабарлады.

Анын айтуусунда, милициялык кызматы тарабынан ар бир болгон кылмыш же жоруктар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү жаза кабыл алынып, укуктук баа берилип жана башка иштер аткарылат.

“Мисалы баардык акыркы фактылар боюнча кызматкерлер өз жазасын алган. Анын ичинде Анкара көчөсүндө болгон ӨКМнин кызматкеринин өмүрүн кыйган жол кырсыктын катышуучусу да бар. Январь айында биз параны опузалап талап кылган кызматкер тууралуу маалыматты өзүбүз ЖМКна тараттык. Биз эч нерсени жашырбайбыз. Калк талап кылгандай, биз баардык кызматкерлерди жумуштан бошото албайбыз. Ал үчүн негиз болуш керек. Баардыгын иштен айдап жиберсе ким иштейт?”, - деди Өскөнбаев.

Ал белгилегендей, иштеп жаткан мыйзамга жараша, ички иштер органынан айдоо тиешелүү жаш куракка жараша, терс себептер же түзүмдө болгон алмашуулар менен байланыштуу жүргүзүлөт.

“Эгер кызматкер акыркы себеп боюнча иштен кетсе, ага 100 миңден 200 миң сомго чейин компенсация төлөнүп берилет. Бирок бул дагы тажрыйбасына жана наамына жараша болот”, - дейт ал.

Өскөнбаев кошумчалагандай, 2018-жылы 7 миң 369 факт аныкталган. Бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 457ге көп. Анын ичинен 70%ы ички иликтөө жүргүзүү кызматы тарабынан аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий