• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бардык мугалимдер маянасын өз убагында алышын көзөмөлдөп турабыз – министрдин орун басары

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Быйыл билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысынын көтөрүү үчүн 6 млрд 900 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупова билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 30-сентябрында мугалимдердин маянасын 30%га көтөрүү тууралуу буйрукка кол коюлган. Айлык акыны көбөйтүү үчүн 6 млрд 900 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал 100 миң адамга эсептелген.

"Ош облусундагы Каримов атындагы бала бакчада иштеген 32 жылдык иш тажрыйбасы бар мугалим мурда 17 миң сом алса, азыр 24 миң сом алат. Баардык мугалимдер маянасын өз убагында алышын көзөмөлдөп турабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий