• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баары 191: Казакстанда коронавирус жуктурган дагы 41 учур катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус жуктурган дагы 41 учур катталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.

Нур-Султан шаарында коронавирусту жуктурган 32, Алматы, Чыгыш-Казакстан жана Акмола облусунда экинден учур, Алматы, Кызылорда жана Атырау облусунда бирден учур катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө илдетке 191 адам кабылган.

Коронавирусту эң көп Нур-Султанда 107 жана Алматы шаарында 57 адам жуктурган.

Эскерте кетсек, Казакстанда коронавирустан каза болгон алгачкы бейтап 64 жаштагы Акмола облусунун тургуну болгон. Ал 26-мартта көз жумган.

Ошол эле учурда илдетти жуктуруп алган 3 жаран ооруканадан чыгарылган. Алардын экөө Алматынын тургуну болсо, бирөө Нур-Султан шаарында жашап келген. 28-мартта дарыгерлер Алматынын 12 жаштагы тургунун ооруканадан чыгарууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий