• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Баары эми башталат» комедиясынын трейлери чыкты

Маданият 0

Бишкек, 11-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. 27-апрелде бийчи Жан Воинов жана ырчы Айым Айылчиева тартылган «Баары эми башталат» комедиясы көрсөтүлө баштайт. Кино тасма Бишкекте жана Барселонада тартылган. Режиссеру – Михаил Ем.

Тасма аэропортто таанышып, күтүүсүз жагдайларга байланыштуу Барселонага жөнөгөн жаш түгөйлөр тууралуу окуяны баяндайт.

Тасманын сюжети боюнча башкы каарман Жан архитектура факультетинде окуйт. Ата-энесинин айтуусу боюнча жеңүүчүгө Испанияга барып окуу кепилденген сынакка катышат. Андан жеңип чыгып, Барселонага жөнөйт. Бирок, Жан бийге кызыгып, кыялында чыгармачылык менен алектенүүнү каалайт...

Аэропорттон Жан Барселонага уча турган тааныш кызына жолугат. Айым Айылчиеванын каарманынын окуясы да жөнөкөй эмес. Анын атасы Барселонага кызы төрөлгөнүн билбестен учуп кетет. Апасы дүйнөдөн кайтып, ал атасын издеп жөнөйт.

Испаниядан каармандар отелдин дарегин туура эмес көрсөтүп алышып, жүктөрүн жоготушат. Буюмдарын издөөдө алар наркодилерге туш болушат, кокусунан коркунучтуу кино тасмага тартылышып, зыянсыз гангстер менен таанышышат.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги тасманын расмий маалыматтык өнөктөшү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий