• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баары жазаланат! Премьер Марипов киши колдуу болгон Айзаданын өлүмү боюнча

Өкмөт 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Өкмөт үйүнүн алдындагы зордук-зомбулукка каршы чогулган акциянын катышуучуларына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты.

Акция 5-апрелде Бишкекте күч менен никеге туруу үчүн уурдалган Айзаданын өлүмүнө байланыштуу өтүүдө.

Марипов өз сөзүндө Айзаданын өлүмү боюнча иш өкмөттүн жана президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыгын билдирди. "Мен да бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул жагдайга байланыштуу толук чара көрүлөт, учурда кызматтык териштирүү жүрүүдө. Маселе толук көзөмөлдө", - деп баса белгиледи премьер.

Марипов акциянын катышуучуларынын ички иштер министри отставкага кетеби деген суроосуна териштирүү иштери аягына чыкканда баары маалым болорун айтты.

"Жогорку кызматтагы милиция кызматкерлерине чара көрүлөт. Кыска убакытта жагдайды териштирип, жыйынтыгын айтабыз", - деди премьер-министр.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Айзаданын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алгандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий