• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баарыбыз олуттуу бурулушка даяр бололу – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, эл өкүлдөрүнө 2019-жылдан эмнелер күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Ал баса белгилегендей, коомдун жана мамлекеттин турмушундагы жаӊы этап башталат.

“Биз үчүн 2019-жыл өзгөчө жыл болот. Коомдун жана мамлекеттин жашоосундагы турмушундагы этап башталат. Сот реформасы — коомду позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет”, - деди президент.

Мамлекет башчысы билдиргендей, 2019-жылы соттук-укуктук чөйрөнү жөнгө сала турган жаңы мыйзам жана кодекстер күчүнө кирет. Өлкө жаңы эрежелер менен жашай баштайт.

“Сотторду реформалоо боюнча кеӊештин жакында өткөн жыйынында мамлекеттик органдарга ушул жылдын аягына чейин аткарыла турган иштер боюнча так тапшырмалар берилген. “Үлгүрбөй калдык" деген шылтоо кабыл алынбайт. Бул реформаны саботаж кылгандарга катуу чаралар көрүлөт. Талап катуу болот. Баарыбыз ушул олуттуу бурулушка даяр бололу", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий