• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баасы 24 млн сомго жакын. Маданият үйү менен стадион Шопоков шаардык мэриясына өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Чүй облусттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы баасы 23 млн 728 миң сом болгон социалдык объектилер – маданият үйү менен стадион Сокулук районунун Шопоков шаардык мэриясынын балансына коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдөгү мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда Шопоков шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбай калгандыгы аныкталды.

Мамлекеттик мүлктү коргоо жана сактоо максатында прокуратура тарабынан Шопоков шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жогоруда аталган объектилер муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий