• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баатырбеков: Ирригация тутумун өнүктүрүү – өкмөттүн артыкчылыктуу багыты

Өкмөт 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Ирригация тутумун өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылындагы каналдын курулушу менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары агенттигинин маалыматы боюнча, Ана-Кызыл айылындагы каналдын жалпы узундугу 9,1 чакырымды түзөт. Объектиде курулуш иштери 2020-жылдын сентябрь айында аяктайт, натыйжада 349 гектар сугат жер суу менен камсыздалат.

«Ирригация тутумун жакшыртуу азык-түлүк коопсуздугун алдын алууну жана мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын түзүүнү шарттай. Президент жана Өкмөт бул тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Аталган багыттагы иштер мындан ары да улантылат », - деп билдирди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле Өзгөн шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулма орнотулуучу жер тилкесин көрдү.

Белгилей кетсек, Өзгөн шаарында канализация системасын реаблитациялоо жана таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча долбоор жүзөгө ашырылууда. Шаардын суу түтүктөрү эскиргендигине байланыштуу жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Бул жумуштарды аткара турган компанияны тандоо үчүн тендер өтүп, келишимдер түзүлдү. Планга ылайык, Өзгөн шаарынын канализация системасын реаблитациялоо иштери 2022-жылы аяктайт.

Биринчи вице-премьер-министр калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын жакшыртуу аймактарды өнүктүрүүнүн негизин түзөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий