• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баатырбеков күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков экономика тармагын алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, суунун азаюу мезгилинин башталгандыгына өзгөчө көңүл буруу керек.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябырына карата 17,2 млрд куб метрди түзгөн, 2018-жылдын ушул мезгилинде – 19,2 млрд куб метр, 2017-жылы 19,6 млрд куб метр болгон, ал эми ушул жылдын 1-октябырына карата адистердин божомолуна ылайык, алдын ала эсептер боюнча суунун көлөмү 14,9 млрд куб метр болоору күтүлүүдө.

Алмазбек Баатырбеков билдиргендей, энергетика компанияларынын жетекчилери келе жаткан күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүү үчүн, Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын рационалдуу пайдалануусу, электр жабдууларын жана жылытуучу от казандарын оңдоо-даярдоо боюнча иш чараларды толугу менен аткаруулары зарыл.

«Мындан тышкары, Өкмөттүн токтомунда белгиленген техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана тиешелүү тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо зарыл. Муну менен бирге, калкыбыз үчүн жана бюджеттик уюмдарга отунду даярдоо ишиндеги тендерлерди, ошондой эле элге, айрыкча алыскы айылдарга көмүрдү камсыздоо үчүн керектүү сандагы отун базаларын ачуудагы иш-чараларды өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилеп кетким келет. Мамлекетик тармактык органдар жана жергиликтүү бийлик органдары бардык даярдык көрүү чараларын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө жүргүзүүлөрү тийиш», - деп белгиледи ал.

Жооптуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүүсү үчүн бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий