• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баатырбеков: Портативдик рентген аппараттарын алып келүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Өлкөгө медициналык жабдууларды жана портативдик рентген аппараттарын алып келүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди,- деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Эл аралык уюмдар, мамлекеттик сатып алуу аркылуу медициналык жабдууларды жана портативдик рентген аппараттарын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүү зарыл. Ошондой эле мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселесин карап чыгып, сунуштарыңарды берсеңер», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Алмазбек Баатырбеков коронавирус инфекциясын жугузуп алган жана өпкөсү сезген бейтаптарды дарылоо процессине катышып жаткан медицина кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү үчүн витаминдерди берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалар менен күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши, медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо маселелери, өлкө аймактарындагы абал талкууланды.

Отурумдун соңунда Алмазбек Баатырбеков Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө бейтаптар үчүн дагы кошумча орундарды даярдоону күчөтүү, стационарларда орун алган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын берди. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик сатып алуулар жана гуманитардык жардам аркылуу келип жаткан медициналык каражаттарды республиканын аймактарындагы оооруканаларга бөлүштүрүлүшүн көзөмөлгө алууну күчөтүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий