• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баатырова: Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө дарыгерлер тобу түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Баатырова өз сөзүндө, КР Саламаттык сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Түркиядагы көп сандаган адам курмандыктарына алып келген ири табигый кырсык ар бирибиздин жүрөгүбүздү тилип өттү. Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтүшөт. Медициналык жардам керек болсо, кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий