• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талапкер 2010-жылы сепаратизм борбору болгон айылда улуттар аралык араздашууга от жагууну каалады - Нусупов

Коом 0

Бишкек, 02.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “2010-жылы Он-Адыр жана Нариман айылдары сепаратизм борбору болуп, мында жада калса милиция да кире алган эмес. Дал ушул жерде президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өзбектерге тизе бүгүп жашоонун кереги жоктугун билдирди”, - деди “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук уюмдардын өкүлү Дөөлөт Нусупов.

“Биз талапкер Бабанов улуттар аралык араздашууга чакырган чакырыктарды жасоосуна каршы чыгып жатабыз. Көз карандысыздыкты алгандан тарта өлкөнүн түштүгүндө эки окуя болгон, үчүнчүсүнүн кереги жок. Шайлоодо ар ким өз күчү менен мыйзамдуу жол аркылуу жеңип чыгышы керек”, - деди ал.

Өз кезегинде маалымат жыйындын башка катышуучусу Садыр уулу Жумангазы шайлоо учурунда бир улутту экинчисине каршы үндөбөш керектигин белгиледи.

“Биз шайлоочуларды добуштарын акчага сатпастан, жүрөгү менен добуш берүүгө чакырабыз”, - деп кошумчалады ал.

Бубуайша Турсунбекова Бабанов улуттар аралык араздашууларды тутандыруу чакырыктары менен өзүнө болгон сыйды жоготконун билдирди. Ал Бабанов кандай максатта касташууну жаратууну каалаганын түшүнбөй турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий