• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бабанов: Атамбаевдин сөзү мен үчүн сыймык

Саясат 0

Бишкек, 31-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин “КСДП” талапкер чыгарбаганда Бабановду колдомокмун деген сөзү мен үчүн урмат сыйдын белгиси,- деп билдирди президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйында.

“Муну мамлекет башчысы айтты. Бул чоң маанини билдирет. Мен үчүн бул сыймык”,-деди Бабанов. Мындан тышкары ал, Атамбаев мамлекеттин тарыхында жаңы барак ачат деди. “Атамбаев өлкөдө туруктуулук сакталышы үчүн, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө бардык күч аракетин жумшап жатат. Менин пикиримде, Атамбаев кайсы бир талапкерди колдобойт жана административдик ресурсту колдонбойт”,-деди ал. Эскерте кетсек, Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйында президенттикке талапкерлигин койгон Бабановдун келечеги чоң экенин айткан.

“Эгер “КСДП” талапкер алып чыкпаса, мен Бабановду колдомокмун”,-деп айткан анда президент.

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары барат.

Пикир

Оставить комментарий