• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бабанов коомдук пикирге манипуляция кылууга аракет жасап, куру кыялдарын чындыкка айлантууда - Арзыматова

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. “Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө көрүп жатабыз, азыркы учурга чейин Бабанов көп жерде жөн гана курулай сүйлөп коюуда. Курулай сүйлөөдө же жөн гана алдап жатат. Калктын дээрлик 65 пайызы аны колдоп жатат деген санды ал өзү ойлоп чыгарган. Себеби дегенде социалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы анын рейтинги төмөн түшүп кеткендигин көрсөтүп жатат”,-деп билдирди саясатчы Айнура Арзыматова талапкер Өмүрбек Бабановдун айткан сөздөрүн талдап жатып.

“Анын айтымы боюнча, Бабанов куру кыялдарын чындыкка айлантууда. “Жалпысынан алганда Бабановдун сүйлөгөн сөзүндө көп ырастоолор бар. Мисалга, Он-Адырда ал аны менен жолугушууга элдерди келтирбей жатышкандыктарын айтты. Милиция элди кууп, жолугушууга тоскоолук кылган имиш. Эгерде чындыгында милиция элди кууп жаткан болсо, анда аны тастыктай турган кандайдыр бир видеоматериалдар болушу керек эле да. Бирок, мындай болгон эмес”,-деди ал.

“Ал, элге, калктын 65 пайызы мени колдоп жатат деп, силер да мени колдоп койгула дегендей кайрылуу жасап жатат. Азыркы учурга чейин анын кайсы материалдарга жана изилдөөлөргө таянып мынтип айтып жаткандыгын билбейбиз. Эгерде ошондой изилдөөлө болсо, анда, Бабановдун штабы аны эчак эле жарыяламак. Бирок биз аны көргөн жокбуз, тек гана Бабановдун оозунан угуп жатабыз”,-деди Арзыматова.

Бабановдун рейтингинин кескин төмөндөп кетүүсү саясатчынын оюу боюнча, талапкердин ойлонбой жасаган иш аракеттери жана анын этиятсыз жасаган саясий кадамдары түрткү болгон.

Пикир

Оставить комментарий