• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бабанов шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышат

Коом 0

Бишкек, 2-июль /Кабар/. «Республика – Ата-Журт» фракуциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышат.

Фракциядан билдиришкендей, кечээ филармонияда Элдик курултай өттү. Ага бардык аймактардын катышуучулары катышты.

Жыйынтыгында, катышуучулар алдыдагы президенттик шайлоодо Бабановдун талапкерлигин колдоо чечимин бир добуштан кабыл алышты.

БШКнын расмий маалыматтары боюнча документтерин 11 талапкер өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий