• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бабанов талапкерлигин алып салганы тууралуу имиштерди четке какты

Саясат 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 15-октябрда өтө турган Кыргызстандын президентин шайлоого катышуудан баш тартпайт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта ал президенттик жарышка катышуудан баш тартып, талапкерлердин бири менен тандем түзө турганы пландалып жатканы тууралуу сөздөр чыккан.

“Премьер-министрдин кызматы тууралуу эч ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокмун, - деди Бабанов. – Мындай сунуштар атаандаштар кырдаалды иликтеп жаткандыктан болуп жатса керек”.

Бабанов мындай имиштерди анын шансын азайтуу үчүн каршылаштары чыгарып жаткан болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, ага карата кара пиар даярдалууда.

“Эгерде алар сөз чыгарууну токтотушпаса, адекваттуу жооп болот”, - деди Бабанов. – Баарына эскертип койгум келет, бирөөгө түшкөн чуңкурга өзү түшүп калуусу мүмкүн”.

Ошондой эле, Бабанов сөз чыгаргандарды бирөөнүн куралы болбоого чакырды.

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышат.

Шайлоо 15-октябрда өтөт. 31-июль талапкерлердин арызын кабыл алуунун акыркы күнү. Алардын саны 52ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий