• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ө.Бабанов: “Жалган маалымат тараткан журналисттер жоопкерчиликке тартылууга тийиш”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 3-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жалган маалымат тараткан бардык журналисттер жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Мындай пикирин бүгүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук кеңешинин 5-жыйынында “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.

“Бийлик гана эмес, оппозиция тууралуу да жалган маалымат, ушак жайылткан журналисттерге карата сот адилет болушу зарыл. Журналисттер өз аракеттери үчүн бүтүндөй жоопкерчиликти сезүүлөрү керек. Ар бир адам башка бирөөнүн укугу бузулган жерде өзүнүн укуктары бүтө тургандыгын түшүнүүгө тийиш. Мамлекеттин туруктуулугуна журналисттердин кошкон салымы зор. Ошондуктан алар кара пиардын аркасынан чуркабашы керек. Ошондой эле, сот тутуму алардын ишине адилет баа берүүгө тийиш”, - деди депутат.

Мындан тышкары, эл өкүлү Кыргызстандын саясий аренасында чыныгы атаандаштык бар экендигин белгиледи. Бул абдан жакшы. Себеби, атаандаштык бар жерде, ачыктык болот.

Пикир

Оставить комментарий