• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бабановдун рейтинги 65%га жеткен эмес – Эл-Пикир

Коом 0

Бишкек, 06.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР президентине талапкер Бабановдун рейтинги эч качан 65%га барабар жана андан жогору көрсөткүчкө жеткен эмес. Буга “Эл-Пикир” коомдук пикирди изилдөө жана талдоо борборунун эксперттеринин үстүбүздөгү жылдын февралынан тарта башталган изилдөөлөрү күбө.

Бул борбордун директору Эльвира Илибезова сентябрга чейин Бабановдун рейтинги шайлоо алдындагы жарышта лидерлик кылып келгенин, бул анын шайлоо кампаниясынын эрте башталганына байланыштуу экенин билдирди.

“Ал башка талапкерлер өздөрү тууралуу билдире электе өзүнүн президенттик кампаниясынын үстүндө эрте иштеп баштады. Ал дээрлик атаандаштары жок кезде шайлоо алдындагы жарышка түштү. Бирок ушундай шарттарда дагы, биздин ченемдер боюнча рейтингдик 80 же 65 пайыз көрсөткүчтөр болгон эмес”,-деп түшүндүдү Илибезова.

Борбордун изилдөөлөрүнө ылайык, Бабановдун рейтингинин түшүүсү КСДП партиясы өзүнүн талапкерин аныктаган жана шайлоо жарышына активдүү боло баштаган башка талапкерлер кошулган учурдан тарта башталган.

“Өлкөдө КСДПнын орду кыйла чоң, ошондуктан өлкө үчүн кылган иши боюнча партиянын рейтинги автоматтык түрдө алардын талапкерине өткөн. Ошентип Бабанов сентябрда токтоп калган. Биз бул анын төмөн түшүүсүнүн жеткен чеги деп ойлогонбуз”, - деп улантты эксперт.

Бирок рейтингдин түшүүсү токтогон жок. Буга Илибезова түшүндүргөндөй, Бабановдун республиканын түштүгүндө ийгиликсиз кайрылуусу себеп болду.

“Бул көбүнесе аталган талапкердин туура эмес имиджи менен байланыштуу. Ал башында ийгиликтүү ишкердин имиджин түзүп, эч ким менен каршылашпай, бийликке лоялдуу болгондуктан, аны жактырышкан. Электорат ал ушундай ийгиликтүү, бийликке келгенде ушундай эле ийгилик менен өлкөнү башкарат деп ойлогон. Бирок бул талапкер революционердин кийимин кийип, 2010-жылдагы кандуу окуялар болгон түштүктө “бириккиле, эч нерседен коркпогула” деп баштаганда, электорат туруктуулукка кооптонуу, каршылык акцияларынын, революциялардын, кан төгүүлөрдүн болуу коркунучун сезди. Мына ушундан тарта анын рейтинги төмөндөй баштады”, - дейт эксперт.

Ал арада борбордун адистеринин байкоолору Бабановдун башкы оппоненти – Жээнбеков жай, бирок ишенимдүү түрдө өз электоратын топтогон. Биринчисинин рейтингинин кескин төмөн түшүүсү экинчисинин фаворитке айланышын шарттады.

Илизбезова билдиргендей, изилдөөлөр 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өлкө боюнча жүргүзүлгөн. Кырдаал мындан ары да өзгөрүшү мүмкүн. Бирок эксперттердин баалоосуна ишенсек, талапкер Бабанов өз дарегине мындай катуу соккудан кийин электоратты кайра ишендирүүсү кыйынга турат.

Маалымдама: “Эл-Пикир” коомдук пикирди изилдөө жана талдоо борбору 1999-жылдан тарта иштейт. Борбордун бардык адистери 2000-жылы Бүткүл Россиялык коомдук пикир борборунан окутуудан жана стажировкадан өтүшкөн. Бул мезгил аралыгында борбор ар түрдүү 500дөн ашуун долбоорлорду ишке ашырган.

Пикир

Оставить комментарий