• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бабур атындагы Ош драма театры толук реконструкциядан өтөт

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Кечээ, 13-сентябрда Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрынын толук реконструкциясы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын вице-мэри Жасур Азимов баштаган жумушчу топ жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер боюнча таанышты.

Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган. Театрды реконструкциялоону аяктоо келерки жылдын башында пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 млн долларды түзөт.

Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.

Оңдоп-түзөө иштери Өзбекстан тарабынан каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий