• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бабур атындагы Ош драма театрын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалуу академиялык драма театрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Малыматка ылайык, өткөн аптада министр Кайрат Иманалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бабур театрынын оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Театрдын жаңы иштелип чыккан дизайн-долбоору талкууланып, бекитилген. Ушул тапта реконструкция процесси жогорку ылдамдыкта ишке ашып, пландалган убактан кечиктирилбөө тапшырмасы коюлган. Каржы маселесин толугу менен Өзбекстан тарап өз мойнуна алып, бул багытта көрсөтүлгөн тартипте иш алып баруу жоопкерчилиги эки тараптуу макулдашылган.

Андан тышкары министр чыгармачыл жамаат менен театрдын ачылыш аземи, андагы коюла турган спектакль тууралуу баарлашты.

Эске салсак, театр Орто Азиядагы эң алгачкы театрлардын бири болуп саналып, тарыхый, маданий мекеме катары өзгөчө мааниге ээ. Театрда Айтаажы Шабданова, Абдурасул Ураимжанов сындуу эл артисттери, Хамида Халматова, Алла Аскарова, Режеп Таджибаев сыяктуу эмгек сиңирген артисттер эмгектенишет.

Пикир

Оставить комментарий