• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бабур атындагы Ош өзбек музыкалык драма театры Өзбекстанда гастролдо жүрүшөт

Маданият 0

Ташкент, 14-февраль /Кабар/. Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры 12 жыл өткөн соң Өзбекстанга келишти деп билдирди жергиликтүү ЖМКлар.

Театрдын директору Набижон Мамаджановдун айтымында, гастроль Өзбекстандын өкмөтүнүн сунушу жана көмөгү менен уюштурулду.

“Биз “Айкөл Манас” спектаклин даярдадык. Бир апта аралыгында Андижан, Наманган жана Фергана облустарынын сахналарында спектакль коёбуз”,-деди ал.

Гастроль 17-февралга чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий