• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БАда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу программасынын 7-фазасын ишке киргизүү аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча программанын (CADAP) 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өткөн.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын негизги максаты - учурдагы фазанын серебин, негизги максаттарды жана күтүлгөн жыйынтыктарды көрсөтүү, ошондой эле аймактык деңгээлдеги артыкчылыктуу, биргелешкен аракеттерди аныктоо.

"Мамлекет ичиндеги, ошондой эле программага жана Европа биримдигине кирген мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызматташтык жана өз ара аракеттенүү механизмин түзүүнү камтыган, КАДАП программасынын дараметин максималдуу пайдалануу максатка ылайык деп эсептейбиз", - деп белгиледи КР ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев.

Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчисинин орун басары Раймондс Вингрис белгилегендей, коопсуздук жана туруктуулук меселелери ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясынын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда.

"Европалык бирлик уюшкан кылмыштуулук, мигранттарды мыйзамсыз киргизүү, адамдарды сатуу жана баңгизат каражаттарынын аткезчилиги менен күрөшүү чөйрөсүндө аймактар менен кызматташууну чыңдоонун андан аркы жолдорун издейт", - деп белгиледи ал.

Бул иш-чарага программанын бенефициарларын жана башка Борбордук Азия, Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөктөш-элчилерин, ошондой эле коопсуздук, баңгизаттар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий