• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БАЭ 3D-басманын жардамы менен көк тиреген көп кабаттуу имарат курууга ниеттенишүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Дүйнөдөгү алгачкы 3D-басма технологиясы менен курулган көк тиреген көп кабаттуу имарат Бириккен Араб Эмиратында пайда болушу мүмкүндүгүн Khaleej Times басылмасы билдирет.

Мындай пландар тууралуу Дубайдагы Cazza Construction курулуш стартапы билдирген. “3D-басма технологиясын колдонууну ойлонууда биз үйлөр жана аз кабаттуу имараттар тууралуу ойлонгонбуз. Девелоперлер бизден бул ыкма аркылуу көк тиреген имарат куруу мүмкүн болобу деп сурашкан. Бул бизди бийик имараттарды курууда ушул технологияны кантип колдонсо болорун изилдөөлөргө түрттү”, - деп билдирди компаниянын башкаруучу директору Крис Келси.

Ошол эле учурда компания жаңы имараттын девелоперинин деталдары жана болжолдуу бийиктиги, жасалгасы тууралуу маалымат беришкен жок. Өткөн жылы Дубайдын бийлиги 2030-жылга чейин мындагы имараттардын 25%ын 3D-басмасынын жардамы менен куруу каралган 3D Printing Strategy стратегиясы тууралуу жарыялаган. БАЭде бул заманбап технология менен курулган алгачкы кеңсе имараты бар.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий