• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БАЭ адистери биргелешкен энергетикалык долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга келишет

Экономика 0

Бишкек, 11.09.17. /Кабар/. “Масдар” араб компаниясы Кыргызстанда электр энергиясынын калыбына келүүчү булактары боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыкдар.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Чыңгыз Эшибеков кечээ “Масдер” компаниясынын аткаруучу директору Мохамед Жамил Ал Рамахи менен жолугушту.

Жолугушууда Эшимбеков компанияга компаниянын өкүлдөрүнө КРнын энергетикалык мүмкүнчүлүгү тууралуу кыйла кеңири маалымат берди. Тараптар калыбына келүүчү электр энергиясынын булактары тууралуу талкуулашты. Буга байланыштуу Мохамед Жамил Ал Рамахи жана “Масдер” өкүлдөрү Кыргызстанга кызматташуу шарттары менен таанышууга чакырылды.

Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү КРны 2018-жылдын январында өтүүчү “Абу-Дабини туруктуу өнүктүрүү жумалыгына” чакырышты. Бул иш чара дүйнө жүзүнөн 30 миң катышуучуну бир аянтка топтойт.

Пикир

Оставить комментарий