• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БАЭ тарап Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди

Экономика 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БАЭнин экономика министри Абдулла Бин Таук Аль-Марри менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн жана бул жаатта биргелешкен бир катар иш-чараларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, мейманкана бизнеси, курорттук-рекреациялык чөйрөдөгү, айыл чарба, энергетика, туризм жана башка бир катар багыттардагы долбоорлорду ишке ашыруу.

Ошону менен бирге, кыргыз тарап кыргыз-эмират биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-жыйынын тез арада өткөрүү, Кыргыз-эмират ишкерлер кеңешин түзүү жана анын ишин КР-БАЭ Ишкерлер кеңешинин алкагында бизнес-делегациялардын өз ара иш сапарларын, бизнес-форумдарды, жарманкелерди, эксперттик жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү, Өкмөттөр аралык акселератор боюнча биргелешкен эксперттик жумушчу топтун ишин активдештирүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн ушул маанилүү механизмдерин ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун (КЭИФ) түзүү маселеси тараптардын ортосундагы сүйлөшүүнүн өзүнчө темасы болду.

Министр Р.Казакбаев кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-венгер инвестициялык фонддорунун түзүлгөндүгүн оң тажрыйба катары белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин деңгээли жогору экендигин эске алуу менен, Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун тез арада түзүүгө бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуш кылды.

Эмират тарап биргелешкен инвестициялык фондду түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди жана бул маанилүү маселени улук эксперттик жана жогорку деңгээлдеги жакынкы биргелешкен иш-аракеттердин күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Министр Р.Казакбаев эмират тараптын мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, саламаттык сактоо, жашыл экономиканын негиздерин киргизүү, коррупция менен күрөшүү, ошондой эле эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы реформаларды жүргүзүүдөгү бай тажрыйбасын тартууга жана пайдаланууга кыргыз тарап кызыкдар экендигин белгиледи.

БАЭнин экономика министри Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысынын соода-экономикалык жүгүртүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө пикирин колдоп, жолугушуунун жүрүшүндө ага берилген кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлорун карап чыгууга даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда Р.Казакбаев маектешин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар кызматташтыктын өз ара кызыгууну жараткан багыттарын ишке ашыруу үчүн тыгыз жумушчу байланыштарды улантуу тууралуу макулдашты.

Жолугушуунун соңунда министр Руслан Казакбаев БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Маррини реформаларды, тажрыйба менен алдыңкы технологиялардын трансферин өткөрүү боюнча эксперттер тобу, ошондой эле жакын арада БАЭнин бизнес делегациясы менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий