• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БАЭ президенти Халиф бин Зайед Аль Нахайян каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Халиф бин Зайед Аль Нахаян 73 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу жума күнү өлкөнүн WAM маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматта Халиф бин Зайед Аль Нахаян бүгүн, 13-майда каза болгондугу айтылат.

Өлкөдө 40 күнгө созулган улуттук траур жарыяланды. Бул аралыкта мамлекеттик желектер түшүрүлөт. Үч күнгө бардык министрликтер, мамлекеттик мекемелер жана жеке сектордогу ишканалар жабылат.

Пикир

Оставить комментарий