• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БАЭ тышкы иштер министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. 2017-жылдын 24-майында Бириккен Араб Эмиратынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайянын Борбор Азиядагы турнесинин алкагындагы расмий иш сапары болот. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул БАЭ тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин КРга алгачкы иш сапары. Эмираттын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү Абу-Даби Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү Шейх Зайед бин Султан Аль Нахайяндын уулу болот.

Иш сапарынын алкагында КР ТИМ башчысы Э.Абдылдаев жана өлкө жетекчилиги менен жолугушуусу, эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусундагы Бизнес-форум өткөрүү жана эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы актуалдуу, эл аралык маселелер, коопсуздук жаатындагы эки өлкөнүн өз ара карым-катнашы жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуулары талкууланат.

БАЭ Кыргызстандын араб өлкөлөрүнүн арасындагы соода-экономика тармагындагы негизги өнөктөшү жана эки тараптуу сооданы жана инвестицияларды жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Пикир

Оставить комментарий