• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БАЭнин экономика министри иш сапары менен Бишкекке келди

Экономика 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кечээ, 31-майда Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри башында турган БАЭнин Соода-өнөр палатасы федерациясынын жана ишкерлеринин делегациясы келди. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда аны КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев жана БАЭнин Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Саед Аль Арики тосуп алды.

Бүгүн, 1-июнда №1 “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КР экономика министри Амангелдиевдин БАЭлик кесиптеши башында турган делегация менен “1+7” форматына жолугушуусу өтөт.

Ошондой эле БАЭ экономика министри 1-июнда Бишкекте өтө турган кыргыз-эмират бизнес-форумуна катышат.

Пикир

Оставить комментарий