• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БАЭнин компаниясы Кыргызстанга күн электр станциясы үчүн инвестиция салууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 04.09.21. /Кабар/. КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, энергокомпаниялардын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда энергетика тармагында кызматташуу маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз тарап өлкөдөгү энергетикалык долбоорлор боюнча маалымат беришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БАЭ тарап энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча Кыргызстандын дарамети жогору экенин айтышты. Ал эми «MASDAR» компаниясы күн электр станциясына инвестиция салууга кызыкдар экенин белгилешти. Белгилей кетсек, бул компания Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станциясына 110 миң доллар инвестиция салган.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол кою сунушу киргизилди. Эми тараптар документтин долбоорун даярдоо боюнча иш жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий