• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БАЭнин Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанга инвесторлорду табууга жардам берет. Кантип?

Экономика 0

Бишкек, 21.03.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Соода-өнөр жай палаталарынын (СӨП) президенттери Темир Сариев жана Али Рашид Луутахтын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлайт.

Тараптардын жолугушуусу "Кыргызстан–БАЭ" бизнес-форумунун алкагында 20-мартта Бишкек шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгуу керектигин айтты. "Дубайда кыргыз балын жогору бааларын билем. Биздин адистер Европада анализ жүргүзүп, бул бал сапаты боюнча дүйнөдөгү эң мыктылардын бири экенин аныкташкан. Бүгүнкү күндө таттуу тамактарды жеткирүүчү бир нече компаниялар Кыргызстанда активдүү иштеп жатышат. Бирок азыр көлөмүн көбөйтүш керек. Ошондой эле Дубайда Кыргызстандын эттери жогору бааланып жатат. Жакында эле бир жеке компания Кыргызстандан бир үй-бүлөлүк иш-чарага 200 баш бодо малды заказ кылган. Ошондуктан биздин ишкерлер жетиштүү көлөмдө эт тапшырууну уюштурууга даярбыз", - деп баса белгиледи Темир Сариев.

Ал эми Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын президентинин айтымында, Кыргызстандын элчилигинин аракети менен жай айларында Бишкек менен Абу-Даби ортосунда түз аба каттамы ачылат. Бул логистиканы кыйла жеңилдетет жана транспорттук чыгымдарды азайтат.

"Биз кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрүнүн ишине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз. Эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда бекем өнөктөш соода-экономикалык мамилелерди орнотуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Ошондой эле, биз кыргызстандык ишкерлерге алардын кызыкчылыктарын жана товарларын илгерилетүү боюнча жардам берүүнү көздөп жатабыз", - деди Мухаммед Али Рашид Луутах.

Мындан тышкары, жолугушууда Эмираттарда Кыргызстандын ири компаниялардын кеңселери ачылса, бул бизнес байланыштардын кеңейишине таасирин тийгизери шексиз деген пикирлер айтылды.

БАЭнин Соода-өнөр жай палатасы да Кыргызстандын туризм тармагына абдан кызыкдар экенин жана жыл сайын Эмираттардан келген туристтердин саны көбөйүп жатканы муну ырастап жатканын баса белгиленди.

"Адаттан тыш кооз жаратылыш саякат сүйүүчүлөрдү өзүнө тартат жана бул кызыгуу жогорку деңгээлде болушу үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү маселесин иштеп чыгуу зарыл. БАЭнин Соода-өнөр жай палатасы туризмди өнүктүрүү үчүн инвесторлорду табууга жардам берүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий