• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

БАЭнын Masdar компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Документке кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы Кыргызстанда кубаттуулугу 200 мегаватты түзгөн күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция курат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Абу Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында кол коюлду.

"Документке Кыргызстан тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Мasdar компаниясынын башкы аткаруучусу Мохамед Жамил Аль Рамахи кол койду", - деп айтылат маалыматта.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, келишимдин негизги максаты элди электр энергиясы менен камсыз кылуу жана күндүн нурунан алынуучу электр энергиясын өнүктүрүү. Тактап айтканда, жашыл энергетикага болгон кадамдар. Ал үчүн Кыргызстандагы күн жакшы тийген жер тилкесин чечип алуу зарыл.

"Ибраев Кыргызстандагы күндөн, шамалдан энергетиканы өндүрүүнүн жолдору боюнча кылган презентациясынан улам, Masdar компаниясынын өкүлдөрү күнгө ылайыктуу Ысык-Көл жергесинен, Токтогул ГЭСнин тегерегинен жана Бакенден облусунан жер сураган", - деп айтылат маалыматта.

Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай Masdar компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт.

План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет.

Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка 180 млн доллар, андан ары 1 млрд долларга чейин салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий