• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

БАЭнын президенти кыргызстандыктарды жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Бирикккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Сизди ыйык Курман Айт майрамы (Иъйд Ал Адха) менен куттуктоо мен үчүн абдан жагымдуу жана Сизге чын дилден чыккан каалоолорумду билдирем. Кудуреттүү Аллахтан суранарым ушул айда Сизге, ошондой эле араб жана ислам элдерине жакшылык, өсүп-өнүгүү, бакыт жана чың ден соолук алып келсин», — деп айтылат Бирикккен Араб Эмираттарынын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий